Оштун Төлөйкөн айылында жайгашкан орто кылымдарга таандык “Ак-Буура” чалдыбары жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып, көрүстөнгө айланып бара жатканы маалым болду. Маданият, маалымат жана туризм минстри Азамат Жаманкулов аталган тарыхый жайдын абалы менен таанышты.
Бул археологиялык эстеликтин аймагындагы мындай иш-аракеттерди тез аранын ичинде бөгөт коюу үчүн министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, анын тарыхый-маданий мурас катары пайдалануу, келечекте туристтик борборго айлантууга шарт түзүү пландары бар экендигин билдирип, ал жерге сөөк коюуну токтотуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле, бир дагы тарыхый маданий мурастар максатсыз жана мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбейт деп кошумчалады.