Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон жаңжалды териштирип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
4-октябрдын түнү Интернетте Сузак айылынан тартылган деген видео тараган. Анда милиция менен жергиликтүү жарандардын ортосунда чыр чыкканын көрүүгө болот. Күбөлөр Сузак айылында шайлоонун жыйынтыгынан кийин талапкерди куттуктап жаткан учурда эки адамды милиция кармап кеткенин билдирип жатышат.
Алар жеңишти майрамдагандар мушташып жатат деген жалган маалымат милицияга түшкөндүктөн ушундай окуя болгонун билдиришти. Видеодогу чырга аралашкандар кайсы партиянын тарапкерлери экени айтылган жок.