Россиянын 10 шаарында ачылган 12 шайлоо тилкесинин бардыгы саат 20:00дө жабылды. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 17 миңден ашуун жарандын ичинен 50% дан азырагы добуш берди, бул дээрлик 6500 миң адамды түзөт.
Москва шаарында үч шайлоо участкасы ачылып, жарандар өз активдүүлүгүн көрсөттү. Алар шайлоо тилкесине таңкы саат беште келе баштады. Көчөдө кезекке тизилип тургандардын саны арбын болду. Бирок, жарандарды идентификациялоочу аппараттардын жана кабиналардын саны көбөйтүлгөндүктөн, шайлоонун жүрүшү бир топ жеңил өттү. Кечки саат төрткө жакын, көпчүлүк добуш берип бүттү. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар катталбай койгон жок.
Айрым шайлоочулар бюллетендерди сүрөткө тартканга жетишкен. Бул фактылар боюнча актылар тузүлдү. Ал эми айрым жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба алган жок. Анткени идентификациялоочу аппараттар аларды аныктай алган жок. Жалпысынан участкалык шайлоо комиссияларда бардык коопсуздук чаралары сакталды. Добуш берүүчүлөр дезинфекциялоочу каражаттар менен колдонуп, бет кап жана кол кап менен камсыз болушту.