"Биримдик" партиясы шайлоодо жеңишке ээ болгон тараптарды калкка биргелешип кызмат кылууга чакырды.
Партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров үгүт өнөктүгү башталган күндөн тартып команда көпчүлүктүн көңүл борборунда болгонун, бирок кандай гана маселе жаралбасын шайлоочулардын колдоосу сезилгенин белгиледи. Ошондой эле саясий жараян курч мүнөздө өткөнүн кошумчалады.
Добуш берүүнүн соңку алдын ала жыйынтыгына таянсак, “Биримдик” партиясы шайлоого катышкандардын 24,53 пайызынын колдоосуна ээ болуп, биринчи орунга чыкты.
“Бардык шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдиребиз”,- деди “Биримдик” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров.