Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдөгү добуш берүү талаптарды сактоо менен штаттык режимде өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөлөрдөгү добуш берүү талаптарды сактоо менен штаттык режимде өттү

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө өткөн шайлоо тилкелеринде добуш берүү штаттык режимде, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтүп жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. 

Анда айтылгандай, добуш берүүнүн жүрүшүндө техникалык себептерди эсепке албаганда жалпысынан көйгөй болгон жок. Маселелер БШКнын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын ыкчам аракетинин негизинде чечилди. Бишкек убактысы боюнча 21:30га карата чет өлкөлөрдөгү 17 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады. 

Алар Южно-Сахалинск, Владивосток, Якутск, Токио, Сеул, Иркутск, Пекин, Гуанчжоу, Куала-Лумпур, Красноярск, Новосибирск, Дели, Исламабад, Алматы, Нур-Султан, Душанбе жана Ташкент шаарларында. Москва элчилигинде 3 миң 500 жаран добуш берди. Жалпысы бул шаардын аймагында 9 миң 30 шайлоочу катталган. Москва шаарында добуш берүүнүн жүрүшүнө 42 байкоочу көз салды. Көз карандысыз жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан добуш берүү маалында мыйзам бузуулар катталган жок. 

Жер шаарынын ар башка аймагында жайгашкандыгына байланыштуу акыркы болуп парламенттин жетинчи чакырылышына келе турган депутаттарды шайлоого добуш берүү өнөктүгү АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан №9034чү шайлоо тилкесинде, 5-октябрда таңкы саат алтыда аяктайт.