Жаңылыктар
Азамат Жаманкулов Алайдагы петроглифтердин талкаланышы боюнча жеринен кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Азамат Жаманкулов Алайдагы петроглифтердин талкаланышы боюнча жеринен кабар алды

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аймактарга болгон иш сапарынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан Алай районундагы петроглифтеринин талкаланып жатышы боюнча жеринен кабар алды. Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан петроглифтердин абалын жеринен иликтөө ишине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылган. Териштирүүдө аталган аймактагы петроглифтер Кара-Суу районунун Ак-Жылга жайлоосундагы "Загара", "Калдырма" жергесиндеги "Көл" петроглифтери экендиги далилденди. Изилдөө учурунда бул аймакта бир канча мыйзамдуу жана мыйзамсыз көмүр кенин казган компаниялар бар экени белгилүү болду. 

Министрдин айтымында, мыйзамсыз негизде көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүп жаткан компаниялар уникалдуу петроглифтери зыянга учуратып, жол куруу иштерин жүргүзгөн. Бул боюнча мыйзам чегинде каралып, тиешелүү иштер алып барылат. Мындан тышкары министр петроглифтердин бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү, мындан ары сактоону толук камсыз кылуу иш чаралары жүргүзүлөрун баса белгилдеди. Мындай мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу максатында ар бир петроглиф жана эстеликтер эсепке алынат.“Эмне үчүн ушунча петроглифтерге зыян келтирилди, ким тарабынан экенин аныктап, сөзсүз түрдө биз органдарга кайрылабыз. Уникалдуу петролгифтер турат. Уникалдуу сүрөттөр турат. Бул жердеги сүрөттөрдөй сүрөттөр Кыргызстандын бир жеринде дагы кездешпейт. Муну баары кыргыз элинин байлыгы. Кыргыз элинин баалулугу. Буларды сактап калыш биздин милдет. Ар бир таш үчүн, петроглия үчүн күрөшөбүз. Эмки жылы архиологдор менен келип, ар бир ташты электрондук базага киргизип туристер келе турган жай кылабыз”,- деди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.