Жаңылыктар
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дары-дармек сатып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дары-дармек сатып алды

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дары-дармектин 29 түрүн сатып алды. Бул тууралуу фонддон билдиришти. 

Маалыматка караганда, дары-дармектер коронавирустун экинчи толкунуна даярдануу максатында, медициналык мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо үчүн сатылып алынууда. Бүгүнкү күндө сатылып алынган дары-дармектердин 70% га жакыны фонддун кампасына келип түштү. 

Калган 30% Беларуссиядан, Индиядан, Россиядан жана Украинадан жакынкы күндөрү өлкөгө аланып келген турат.