Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керек. "Электр станциялар" ишканасынан билдиргендей, ГЭСтин №3 гидроагрегатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканда дөңгөлөктүн бир парасында бузук бар экендиги аныкталган.
Жумушчулар бузулган параны калыбына келтирүүгө киришти. Буга 2-3 жума керектелет. Азыркы тапта Үч-Коргон ГЭСинде 3 гидроагрегат иштеп жатат. Ал өлкөнүн энергия тутумунун жүгүнүн белгиленген режимин камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Паранын бузулушунун негизги себеби - гидроагрегаттын эскирип калганында. Белгилүү болгондой, Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы эксплуатацияга берилип, андан бери модернизация болгон эмес.
"Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизацияоо боюнча долбоорлорюду тез арада ишке ашыруу керек. Азыркы учурда долбоор боюнча каржылоо, консультантты жана буйрутма аткаруучу уюмду тандоо маселелери иштелип жатат", - деп билдирет "Электр станциялары".