Жаңылыктар
Кыргызстанда эл аралык каттамдар жанданып, 32 өлкөнүн жарандары үчүн чек ара ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда эл аралык каттамдар жанданып, 32 өлкөнүн жарандары үчүн чек ара ачылды

Кыргызстан эпидемиологиялык абалы туруктуу мамлекеттердин тизмесине кирген 32 өлкөнүн жарандары үчүн чек арасын ачты. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. 

Айтымында, августтан баштап, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына каттамдар калыбына келтирилген. Ошондой эле, сентябрь айынан тарта Өзбекстан, Казакстан жана Орусия менен болгон авиакаттамдар жанданган. “Аэрофлот” жана “АвиаТаффик Компани” авиакомпаниялары Москвадан Бишкекке аптасына бир жолу каттап жатат. Кошумчалай кетсек, азыркы тапта Орусиянын Новосибрск, Екатеринбург, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларына чартердик каттамдар уюштурулган. Марттан баштап, август айына чейин Орусиядан 153 каттам аткарылып, 27 миңден ашуун жүргүнчү ташылды.

"Түркияга "Бишкек-Стамбул" багыты боюнча "Түрк аба жолдору", "Пегасус Эйрлайнс" жана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниялары учуп жатат. Алар жумасына 4 каттамдан аткарууда. Ал эми "Бишкек-Анталия" багыты боюнча "Пегасус Эйрлайнс" жана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниялары аптасына 2 жолу каттап жатат",- деди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.