Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Буга айыпталуучунун жактоочусунун сотту жылдыруу боюнча келтирген өтүнүчү себеп болуп, жараян 7-октябрга белгиленди. Кой-Таш окуясына айыпталуучулардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир жылга чукул мезгил сот жараяндарына келбей жүргөн.
Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуяда бир киши каза болуп, 175 адамд дарыгерлерге кайрылган.