Жаңылыктар
КМШ байкоочулары парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ байкоочулары парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө

Кыргызстандын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шалдабекова Виктор Гуминский баштаган көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин миссиясынын атайын өкүлдөрү менен жолугушту. Анын жүрүшүндө КМШ миссиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын Конституциялык мыйзамы бир топ жакшырганын белгилешти. 

Айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча зарыл чараларды толук кандуу көрүп жатышат. Белгилей кетсек, шайлоонун узак мөөнөттүү мониторингинин алкагында миссиянын мүчөлөрү Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышкан. Азыркы тапта миссия шайлоого даярдыктарды кароону улантууда. Акыркы корутундуларды жана баа берүүлөрдү шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча документте көрсөтөт.

“КМШ миссиясынын штабы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү иштерин 14-сентябрда баштаган. Байкоочулар шайлоо процессине жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпестен өз функцияларын аткарууда. Миссия тарабынан бул убакыт аралыгында шайлоо мыйзамдарын изилдөө боюнча чоң иштер жасалды. Ошондой эле жер-жерлерде шайлоого даярдык көрүү иштери дагы изилденип чыкты. Мен БШК тарабынан шайлоону өткөрүүгө бардык даярдыктар боюнча чоң иштер жасалганын баса белгилеп айткым келет. Шайлоо таза ачык өткөнгө бардык шарттар каралган”,- деди КМШнын аткаруу комитетинин миссиясынын атайын өкүлү Виктор Гуминский.