Москва шаарындагы ВДНХнын 10-павильонунда “COVID-19 пандемиясынын шартында Евразиялык экономикалык биримдик: чындык, маселелер жана интеграция” деп аталган эл аралык жыйын болду.
Катышуучулар бул багытта Евразия экономикалык биримдигинде учурдагы абалды турукташтыруу боюнча ойлору менен бөлүштү. Жыйындын жүрүшүндө Биримдиктин ичинде интеграциялык процесстерге падемиянын тийгизген таасирин талдап, бир катар мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу муктаждыгы тууралуу пикир алышты. Иш чарага Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Белорустун жана Казакстандын көрүнүктүү саясатчылары, илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышты.
Форумдун жыйынтыгы менен атайын иш тобу түзүлуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айтылган маселелер боюнча маалыматтарын чогултуп, пандемиянын тийгизген терс таасирин жоюу боюнча сунуш топтомун даярдайт. Ошондой эле нормативдик укуктук жөнгө салуу маселеси дагы мамлекеттердин бирдиктүү укуктук талаада болушу керектиги айтылды. Форумду Евразиялык интеграция фонду жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги уюштурган.