Жаңылыктар
Чүй ОИИБ: Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй ОИИБ: Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө

2-октябрь күнү саат 00:55 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 102-линиясы аркылуу Ысык-Ата районунун айылдарынын үйлөрүнүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунуни Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факт боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барганда, Ысык-Ата районунун айылдардын биринде үйдүн ичиндеги ашкана бөлмөсүндө бир нече бычак жаракат менен 39 жаштагы И.Э. жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон. 

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 42 жаштагы И.Э. деген аттуу жаран кармашып, аталган жаран маркумдун бир тууган агасы болуп чыкканы маалым болгон. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.