Жаңылыктар
Талас облусунун Биринчи май айылында турак үйлөрдү жана короолорун суу каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусунун Биринчи май айылында турак үйлөрдү жана короолорун суу каптады

Талас облусу Бакай-Ата районунун Ордо айыл аймагында 1-октябрь күнү саат 06:00 чамасында Биринчи Май айылынан өткөн Талас каналын суу жеп, суунун нугу сел өтүүчү каналдан ашып 3 турак үйдүн короолорун жана 17 турак үйдүн огороддорун каптаган.

Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, райондук суу чарба башкармалыгынан 15 кызматкер, 1 самосвал, 1 экскаватор, 1 бульдозер, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылы.

1-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугун бурушуп, каналдын жээктери бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн, ал эми турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери 2-октябрь күнү улантылат.