Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардыгы даяр - Боронов
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардыгы даяр - Боронов

54 аймактык шайлоо комиссиясында 2475 шайлоо участогу, анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө түзүлүп, алардын толук кандуу иштөөсү үчүн материалдык-техникалык жактан жабдуу, толук камсыз кылуу иштери өз убагында уюштурулду. 

Мындан тышкары: 

-  электр энергиясы, мобилдик байланыш, ошондой эле кошумча генераторлор менен камсыз кылуу маселеси чечилди;

-  шайлоо күнү иштей турган адистерге окуулар өткөрүлдү; 

-  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар менен толук камсыздалды.

-  көз карандысыз жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн шарттар түзүлдү; 

-  шайлоо процессин 91 телеканал, 27 радио, 59 басма жана 77 интернет басылма чагылдырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бардык маалыматтар ачык;

-  шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миң милиция кызматкери тартылды. Алар 2020-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Мындан тышкары укук коргоо органдарына элдик кошуундар жардам берет;  

-  2020-жылдын 29-сентябрына карата республикалык бюджеттен шайлоого бөлүнгөн 723 миллион сомдун 478,1 миллион сому пайдаланылды. 

«Араван районундагы окуяны эске албаганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери провокациялык жана чагымчылдык иштерге алдырбай, дээрлик тынч өттү. Добушуңуздарды сатпаңыздар, жүрөгүңөр менен добуш бериңиздер. Ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону унутпагыла. Анткени баарынан кымбат – бул ден соолук», - деп Кубатбек Боронов сөзүн жыйынтыктады.