Шайлоо күнү жарандардын саламаттыгына кам көрүү үчүн бардык шайлоо тилкелери, бет кап, антисептиктер, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болду. Учурда жер-жерлерде Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмдин негизинде иштер жүрүп жатат.
Республикалык бюджеттен 723 млн сом каралып, учурда 478 млн сом БШКга которулду. Өкмөт шайлоонун ачык, таза өтүшүн камсыз кылууга абдан аракет жасайт. Азыркы тапта 54 аймактык шайлоо комиссиясында 2,5 миңден ашык шайлоо тилкелери болсо анын 45и чет мамлекеттерде жайгашкан. Шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 жазма жана интернет булактары чагылдырат. Мындан сырткары жүздөгөн эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар көз салып турушат. Шайлоону акыйкат өткөрүү боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов брифиингде сөз сүйлөп, саясий партияларды шайлоодо маданияттуу болуп, анын жыйынтыгын сыйлоого чакырды.
"4-октябрда жана андан кийин дагы тынч өткөрүү болушу керек. 4-октябрдан кийин бири биринерге сый урмат болгула партиялар",- деди Премьер-министр Кубатбек Боронов.