50 жыл мурун пайда болгон "Кавасаки" синдрому Кыргызстанда да аныкталды. Учурда ушул дарт менен ооруп калышы мүмкүн деген эки баланын диагноздору текшерилүүдө.
Кавасаки синдрому оңой менен айыкпаган өтө кооптуу оору. Бул илдет менен негизинен балдар ооруйт. Коркунучутуусу майда кан тамырлар сезгенип, кан айлануу системасы бузулат да тромб пайда болот. Балдардын денесине кызыл бүдүр тактар чыгып кетет. Бул вирустук инфекция болгондуктан ооруган адамдын дене табы көтөрүлөт. Кавасаки синдрому - коронавирустун күчөп кеткен түрү. Ал бейтапты инфаркт жана пневмонияга да кептеши мүмкүн. Кыргызстанда бул синдром менен 2 учур катталды. Учурда диагноздору такталууда. Окумуштуулар алигиче себебин таба элек болгондуктан, алдын алуу кыйыныраак дейт адистер.