Айтматовдун айкели орногон Будапешт шаарындагы сейил бак эми Венгрияда билим алган кыргыз жаштарынын, анын чыгармаларын сүйүп окуган жалпы венгер элинин сүйүктүү жайына айланат. Өлкө башчынын иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн тартып, кайсыл жерде болбосун улуу жазуучуга болгон зор сый-урмат бар экени байкалды.
Премьер-министр Виктор Орбан Венгрия түрк ааламындагы элдердин Европадагы эшиги экенин айтып андагы ар бир мамлекет менен кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады. Айтматовдун чыгармаларын көп окуган дүйнө элдеринин сап башында орустар анан немистер турса, үчүнчү орунда венгерлер. 9 млн ашык калкы бар Венгриядан анын китептери 1960-жылдардан баштап эле которулуп, маани-маңызы жактан венгер элинин жүрөгүнө жакын түнөк тапкан.