Өлкөдө 513 миңден ашык улгайган адам болсо, анын тогуз миңден ашууну социалдык коргоого алынган. Учурда карыларга камкордук көрүү маанилүү маселеге айланууда.
Алтымыш жашка таяп, карылыктын босогосун жаңы аттаган Шекер Жуматаева кол өнөрчүлүк менен алек. Алган пенсиясын айдан айга жеткирүү мүмкүн эмес. Мындан улам өнөрү менен да киреше табууда. Ал эмгектерин карылар күнүнө арналган көргөзмөгө алып келди. Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, эркек кишилер 63 жашынан тартып улгайган адам катары эсептелет. Алардын жалпы саны 513 миңден ашат. Алардын дээрлик он миңге жакыны атайын социалдык камкордукка алынган.