Жаңылыктар
Ден соолук сакчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ден соолук сакчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Журт башына түшкөн оор күндөрдө бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет, өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылган ак халатчандар, күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өз өмүрүнө, үй бүлөсү менен жакындарына жаралган коркунучка карабай, катаал илдет менен кармашкан ден соолук сакчылары бүгүн өлкө башчынын колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышты. 

Президент тумоо менен күрөшкөн 123 кыргызстандыкка сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында дарыгерлер менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тартип сакчылары, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жана медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери бар. Сооронбай Жээнбеков ушул татаал сыноодо, эл тагдырын чече турган жагдайда, негизги үмүт, негизги күч — өлкөбүздүн дарыгерлерине жүктөлгөнүн белгилеп, алар элүү миңге жакын жарандарыбыздын өмүрүн коргоп калганын айтты.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы Эне-Сай конок үйүнө мынчалык көп сандагы адам пандемиядан бери алгачкы жолу чогулуп жатат. Отургучтар ортосундагы аралык сакталып, келген коноктордун бардыгы бет капчан. Ананчы, антип эрежени сактабасак дарыгерлердин илдет менен күрөшүүдөгү эмгеги текке кеткени жатпайбы. Конок үйдүн ичин толтургандардын басымдуу бөлүгү да дал ушул ак халатчандар.