Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин тендердик наркы 47 млн. 322 миң 986 сомду түзөт.
Капиталдык оңдоп түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 44 млн 464 миң сом каржыланды.
Объекттин подряддык уюму тарабынан кийинки жумуштар аткарылды: жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү.
Ошондой эле, имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик-терезелер алматырылды, ички тосмолор орнотулуп, фасадты сырдоо жумуштары бүттү.
Учурда ички дубалдарды жасалгалоо жумуштары жүргүзүлүүдө жана полдорду стяжкалоо, кафель менен бетөө жумуштары аяктап калды.
Андан тышкары желдетүү тармагын калыбына келтирүү үчүн 200м3 септик орнотулду.
Белгилей кетсек, имараттын ичиндеги эски лифт демонтаждалып, ордуна жаны лифт орнотулуп жатат жана өрттөн коргоо сигнализациясы коюлуда. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.