“FM Logistic” компаниясынын аймагында жайгашкан кампа комплексиндеги темир жер өтмөгү кулап түшүп, андан жаракат алган кыргызстандыктардын абалы жакшырууда. Оор абалдагыларга операция жасалган. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы дагы турукташууда. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мекендештерди көрүп барды.
Эске сала кетсек, премьер-министр Кубатбек Боронов дипломатиялык өкүлчүлүккө жарандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, алардын ооруканага жаткырылышын өз көзөмөлүнө алган.