Август айынын башынан октябрь айына чейин Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкерлери менен биргеликте коомдук тамактануу жайларында, кафелерде, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча рейддерди өткөрүштү.
97 ар кандай коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, аталган мекемелердин администраторлору жана ээлери менен санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (аралыкты сактоо, беткаптарды милдеттүү түрдө кийүү) ж.б.у.с түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Санитардык ченемдерди бузгандарга карата, 33 протокол түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 293-берененин негизинде (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу). Мекеменин ээлерине 43 500 сом айып салынды. Ал эми -77 кафе, ресторанга тескемелер берилген.
Ушундай эле рейддик иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында жүрүп жатат.