Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Кувейттин жаңы эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков Кувейттин жаңы эмирине агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Улуу Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.