Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунда беш жаңы ишкана ачылып, жумуш орундар түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүз районунда беш жаңы ишкана ачылып, жумуш орундар түзүлдү

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда беш жаңы чакан ишкана түптөлүп, жүздөн ашык адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Мында негизинен жергиликтүү ишкерлер жеңил өнөр жайы жана курулуш материалдарын чыгарууга басым жасашууда. Белгилей кетсек айрым жаңы ишканалардын ачылышына донор уюмдар колдоо көрсөтүп, үстөк пайызы жок каражат менен ачылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Кызыл-Суу айылынын тургуну Зарина Көкүлова акыркы он беш жылдан бери Казакстан, Россия жана Бишкек шаарында тигүү цехтеринде иштеп келди. Эми жарым жылдан бери өз айылында кесиби менен иштеп жатат. Айылда тигүү цехи ишке киргенин угуп, жолдошу экөө биротоло көчүп келишти.