Жаңылыктар
Бишкекте инфекциялык оорукананын курулуш иштери кечеңдөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте инфекциялык оорукананын курулуш иштери кечеңдөөдө

Бишкекте жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак, Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка, Чолпон-Ата, Каракол, Баткен, Көк-Жаңгак жана Жалал-Абад шаарларында медициналык мекемелерди капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктады. Токмок, Талас жана Ош шаарларында жумуштар графикке ылайык жүрүүдө жана 2020-жылдын октябрь айында бүтөт.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында болуп, анын курулушу менен таанышты. Ал белгиленген мөөнөттөрдүн узакка созулуп жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

Курулуш компаниянын жана Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштер, суу түтүктөрү менен канализацияны туташтыруу жөнүндө айтып, объектте бардык жумуштар жакынкы аралыкта бүтөөрүн баса белгилешти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жаңы жугуштуу оорулар ооруканасында жандандыруу бөлүмү иштей тургандыгын билдиришти. Бардык палаталар санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жооп берген керектүү шаймандар менен жабдылат. Курулуш иштери бүтөрү менен медициналык жабдууларды жана керектүү шаймандарды орнотуу иштери башталат.