Жаңылыктар
Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларды уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларды уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде шайлоо участкаларындагы өрт коопсуздугун алдын алуу багытындагы иш чараларды күчөтүлгөн тартипте уланууда. 

4-октябрда өтө турган Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата ар бир шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери талапка жооп берүүсү керек. Бул үчүн ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери жана ӨКМдин областтагы жетекчилери менен биргеликте аймактагы шайлоо тилкелеринде комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2430 шайлоо участкаларында болуп кайтышты. 

Мындан тышкары кызматкерлер тарабынан нускамалар өткөрүлүп, маалымат баракчалары таркатылды.