Белгисиз адамдар Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасына кара боёк төгүп кетишти. Социалдык тармактарда кечээ карарган тактанын сүрөтү пайда болду. Адамдар боёкту аарчыйм деп аракет кылып, бирок ал ташка сиңип кетти деп нааразы болушту. Ал тактарды бүгүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жууп кетиришти.
"Ошентсе да, Бишкекте боорукер жана сезимтал адамдар көбөйдү. Жок дегенде мен ага ишенгим келет. Кеңештериңиз үчүн ар бириңиздерге рахмат", - деп жазган Каракеева.
Эскерте кетсек, мемориалдык такта Айтиев өзү жашаган жана иштеген үйдүн тосмосуна орнотулган.
Гапар Айтиев - кыргыздын алгачкы профессионал сүрөтчүлөрүнүн бири. 1952-1977-жылдары Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын төрагасы болгон. 1977-жылдан тартып, Фрунзедеги СССР Көркөм сүрөт академиясынын чыгармачыл сүрөт өнөрканасын жетектеген. Бишкектеги Көркөм сүрөт музейине анын ысымы берилди. Аны кыргыз живописинин аксакалы деп аташат. Анын чыгармаларында дүйнөлүк визуалдык жетишкендиктер менен улуттук өзгөчөлүктөр айкалышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана СССРдин Эл артисти, 1984-жылы 72 жаш курагында көз жумган.