Жаңылыктар
Кубатбек Боронов: Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Кубатбек Боронов: Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек

Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек. Бул туурасында Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Айтымында сөз бардык медициналык мекемелер менен өз-ара аракеттешүү механизмин жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу жүрүүдө. Эгерде тез жардам көрсөтүүчү дарыгер бейтапты ооруканага жаткыруну чечсе, диспетчер он-лайн орундардын эсеп тутумуна ылайык, кайда жайгаштырууну алдын-ала билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери медициналык тез жардам дарыгерлеринин талаптарын токтоосуз аткаруусу тийиш - деди өкмөт башчы. Ал бардык ооруканалардын, медициналык борборлордун, клиникалардын жетекчилерин чогултуп, алгоритм иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алуунү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Ар-бир медициналык мекеменин тизими боюнча электрондук маалыматтар базасы үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алыкагында да маанилүү болуп саналат. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде тигил, же бул медициналык мекемелерде бош койко-орундарды көзөмөлдөп турат», - деди Премьер-министр. 

Ошондой эле Премьер-министр Кубатбек Боронов ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо жана профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.