Жаңылыктар
Экономика министрлигинин кызматкери пара берип жатып кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Экономика министрлигинин кызматкери пара берип жатып кармалды

Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. 

Кармалган аткаминер өзү менен иштеген адамга 100 миң сом пара берүүгө аракет кылганы айтылат. 

"Кармалган кызматкер банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам анын функцияларын өзүнүн карамагындагы кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага өз ыктыяры менен кызматтан кетиши үчүн каражат сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.