Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтөөгө алат. Мындай тапшырманы Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.
«COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын көбөйүүдө. Өзгөчө Баткен облусундагы кырдаал бизди тынчсыздандырууда. Айтылган облустардагы абалды иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу бүгүн аймакка барат. Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл. Аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктоо шарт. Коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн кароо максатында мурдагыдай эле, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүү керек. Мындан тышкары борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет», - деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти. Муну менен катар Премьер-министр штабдын кийинки отурумунда жарандарды сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштери, ошондой эле COVID-19дун вакцинасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди.