Жай мезгилинде жүргөн үшүкө карабай Чүйдүн Кемин районунда быйыл картошканын түшүмү мол. Мындай жыйынтыкты алдын-ала божомолдошкон дыйкандар, быйыл картошканын аянттарын көбөйткөн. Райондо жалпы жонунан миң гектарга чукул картошка эгилген.
Кыргызстан боюнча Чоң-Кемин аймагы картошканын мекени деп аталат. Жазында аз аянттан көп түшүм алууга белсенишкен дыйкандар жаңы үрөндөрдү себишкен. Ушул тапта тушүм жыйноо менен кызуу алектенип жатышканын көрүп атасыздар. Негизи район боюнча жалпысынан картошканы жыйноо 80 пайызга аяктап калды.
Бир тууган Абдымиталиповдор биригип быйыл 6 гектардан ашык аянтка картошка эккен Суук түшкөнчө жыйнап алуу үчүн, өзүлөрү үлгүрбөй калабызбы деп, картошка терүүчүлөрдү жардамга чакырышты. 20 чакты адамга күнүнө 600 сомдон төлөп беришкенде да, маңдай тери акталат деп болжоп жатышат. Себеби быйыл түшүм былтыркыга салыштырмалуу мол.
Дыйкандар ушул тапта талаадан 10 сомдон жогору болуп жаткан картошканын баасы жаз келгенде дагы көтөрүлөт деп үмүт артып жатышат. Бирок ага жеткирбей эле, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша талаа жеринен эле баалап сатып жибергендер да бар.
Кеминдин картошкалары ички рыноктон сырткары Казакстан жана Россияга экспорттолот. Дыйкандарга жеңил болсун деп жергиликтүү бийлик айым учурда картошканы дүңүнөн сатууга алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп берет. Бирок мээнет дыйкандыкы болгондуктан, баасы күзүндө чыкпай калса, жазга чейин сактап турушат.
Былтыр баасы жакшы болгондуктан, райондо картошканын аянты быйыл 40 гектарга көбөйтүлгөн. Жалпы жонунун 920 гектарга айдалган картошканын түшүмү эки апта аралыгында толук жыйналып бүтөт.