Өлкө боюнча коронавирус пандемиясын оздуктоо максатында коомдук тамактануучу жана көңүл ачуучу жайларга жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр уланып жатат.
Анын жүрүшүндө той өткөрүү, куран окутуу жана башка ушул сыяктуу салтанаттар өткөрүлүп, элди массалык түрдө чогултуу фактылары көп катталууда. Республикалык штабдан билдиргендей, талаптарга баш ийбеген коомдук жайлардын көбү Бишкек шаарында орун алды.
Тагыраагы, салынган айып пулдун баасы 3 млн 196 миң сомду түздү. Андан кийин Ош облусунда - 2 млн 967 миң сом, Жалал-Абадда - 972 миң сом, Таласта - 105 миң сом, Нарында - 141 миң сом, Баткенде - 278 миң сомго айып салынган. Штабдын маалыматына ылайык, көпчүлүк коомдук тамактануу жайларда санитардык талаптар жеткиликтүү деңгээлде сакталган эмес. Жумушчулардын дене табы өлчөнбөйт. Ошондой эле орундуктар ашыкча жайгашып, аралыктар сакталган эмес.