Жаңылыктар
Жээнбеков Венгриянын өкмөт башчысы менен Будапешттеги Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө барды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Венгриянын өкмөт башчысы менен Будапешттеги Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө барды

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө барышты. 

Эки өлкөнүн лидерлерин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев жана ТМККга мүчө-мамлекеттердин элчилери коштоп жүрүштү. Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан ТМКК өкүлчүлүгүнүн имаратын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмөнү көрүп чыгышты. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын венгер тилине которгон Давид Шомфаи 2006-жылы Чыңгыз Айтматовдун Венгрияга келгени, улуу жазуучу менен баарлашканы, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган айылына — Талас облусундагы Шекерге барганы тууралуу кыргыз тилинде айтып берди. 

Сооронбай Жээнбековго Чыңгыз Айтматовдун венгер тилине которулган «Чыңгызхандын ак булуту» повестин берди. ТМКК башкы катчысы Багдад Амреев Сооронбай Жээнбековдун Түрк кеңешинин европа өкүлчүлүгүнө биринчи келген борбор-азия лидери экенин белгиледи. Ал бул окуянын символдуулугун айтып, Венгрия дагы дал ушул Кыргызстанда Түрк кеңешине байкоочу макамына ээ болгонун эске салды.Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан түрк дүйнөсү эми Европада дагы өзүнүн бир бутагына ээ болгонуна токтолду. Бул өкүлчүлүк Түрк кеңешинин европалык ченеми болуп саналаарын өзгөчө баса белгилеп, Венгрияны түрк ааламындагы элдердин Европадагы эшиги катары кароого чакырды.