Эртең, 1-октябрда борбор калаанын эки конушунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, саат 9.00дөн 18.00гө чейин Ынтымак жана Арча-Бешик конуштарында (биринчи көчөдөн жетинчи көчөгө чейин) муздак суу убактылуу токтотулат.
Себеби, кыш мезгилине даярдануу максатында суу түтүктөрүндөгү клапандарды алмаштыруу зарыл.
Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолорду, Бишкек Водоканал 1533 бирдиктүү номерине, борбордук мэриянын колл-борборуна - 1840 жана 1850 номерлерине чалып, көйгөйлөр жаралса, фото жана видео фактыларды 0554182185 WhatsApp номерине жөнөтсө болот.