Ош шаарында Жарандык коргонуунун шаардык штабынын чечимине ылайык, коомдук тамактануу жайларынын, ресторандардын жана тойкананын администрациялары менен карантин жарыяланган мезгилде той-мааракелерге жол берилбөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Керме-Тоо" МАБында рейддик иш-чаралар болуп өттү, анын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн, МАБ жетекчилиги жана адистеринен, Свнитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлеринен, укук коргоо органдарынын, салык кызматынын жана Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрүнөн турган комиссия ири ресторандардын жана тойкананын ишин текшеришти.
Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузгандарды текшерүүнүн алкагында тиешелүү протоколдор түзүлүп, административдик айыптар салынды. Бирок, комиссия рейддерди өткөрүүнүн негизги милдети - айып пул салуу эмес, түшүндүрүү иштерин күчөтүү экендигин баса белгилешти. Жарандар жана ресторандар менен оюн-зоок мекемелеринин администрациясы эл көп чогулган жерлерде коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун сезип, жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерин түшүнүшү керек.
"Керме-Тоо" МАБнын башчысы Нурила Самиеванын айтымында, ар бир жаран биринчи кезекте жарандардын ден-соолугун сактоо жөнүндө ойлонуу өтө маанилүү. Рейддин жүрүшүндө үч ресторанда үйлөнүү той токтотулду. Текшерүү иштери күчөтүлгөн тартипте Ош шаарынын бардык аймактарында өтөт.