Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында 7-август күнү Чу дарыясына чөгүп кеткен 2013-жылкы баланын сөөгү изделүүдө. 29-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды. Бүгүн, 30-сентябрь күнү да издөө иштери улантылат.
Эске салсак, Нарын облусунун Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала сууга чөгүп кеткен.