Баткен облусунун Лейлек районунда 30-сентябрь күнү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымындагы Кара-Суу айылында "Honda Fit" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.