Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын сарптап жаткан каражаттары тууралуу кезектеги маалыматтарды жарыялады.
25-сентябрга карата жалпысынан партиялардын шайлоо фонддоруна 570 миллион сомго жакын каражат келип түшүп, анын 557 миллион сомдон ашыгы чыгымдалды. Эң көбү "Мекеним Кыргызстан" партиясына таандык. Бул партия өз фондуна 118 миллион сомдон ашык каражат топтоп, 116 миллион сомун сарптады. Каражатты эң аз "Чоң казат" партиясы чогулткан. Алардын эсебине 6 миллион 688 миң сом келип түшүп, дээрлик 6 жарым миллион сомун чыгымдады.