Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 15чи мааракелик форумунун жыйыны онлайн форматта өттү. Иш-чара Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунда болду. Форумдун катышуучулары КОВИД-19 вирусунун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөргө тийгизген таасири жана эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийинки социалдык, экономикалык жана башка кызматташтык алака тууралуу маселелерди талкуулашты.