Жаңылыктар
Венгрия өлкөсү Кыргызстандын Европадагы стратегиялык өнөктөшү
Кыргызстан жаңылыктары
Венгрия өлкөсү Кыргызстандын Европадагы стратегиялык өнөктөшү

 Венгрия өлкөсү Кыргызстандын Европадагы стратегиялык өнөктөшү. Президент Сооронбай Жээнбековдун бул өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду. Аны менен бирге тараптар экономикалык, соода жана инвестиция багытында бир нече келишимдерге жетишти. Алардын негизгиси кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлгөнүн айтсак болот. Фондго 50 млн АКШ доллары бөлүнүүдө. Расмий визиттин алкагында эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес форум өттү.