Жаңылыктар
"Кыргызнефтегаз" ишканасы Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводун карамагына алат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кыргызнефтегаз" ишканасы Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводун карамагына алат

"Кыргызнефтегаз" ишканасы Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводун карамагына алат. Банкроттук абалга кептелген заводду аталган ишканага иштетүүгө берүү маселеси буга чейин өкмөттө каралган. 

Анткени электр лампа заводунда өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулар барган сайын азайып баштады. Жакынкы жылдары толук банкротко учурап калуу коркунучу бар. "Кыргызнефтегаз" ишканасы лампа заводун алып иштетүүгө макул. Өндүрүштү жандандырып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.