Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Түп районунда буудайдын түшүмү мол болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Түп районунда буудайдын түшүмү мол болду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун дыйкандары быйыл элүү бир миң тоннадан ашык дан эгиндерин жыйнап алды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу беш миң тоннага көп. Дыйкандар түшүмдүн мол жыйыналышы буудай, арпага болгон баанын жакшы болушуна байланыштуу, - дешет. Азыркы тапта дыйкандар буудай, арпаны өткөрүп күздүк эгүү менен алек болушууда.

Түп районундагы үрөнчүлүк чарбасы жылына эки жүз гектардан ашык аянтка дан эгиндерин себет. Быйылкы алган түшүмү абдан жакшы болгон. Чарба жыл сайын үрөндүн сортторун жаңылоо менен алек. Былтыртан баштап жаңы сортторду аймактын дыйкандарына таратып берип, эми кайтарып алууда.

"Күздүк буудайды көп айдаганбыз, мындан сырткары алтымыш гектар жерге жаздык буудай, дагы кырк гектар жерге арпа айдаганбыз. Түшүмдүүлүгү жаанчыл болгонуна байланыштуу абдан жакшы болду. Сугат суу жетпеген кайрак жерден 25, 27 центнерден алсак сугат суу баскан жерден 32, 35тен айланды. Албетте жер семирткич, башка эрежелерин колдонуп багылган. Мунун көбү үрөөндүк талаалар болуп эсептелет",- деди Түп районундагы үрөнчүлүк чарбанын жетекчиси Кубанычбек Саркөбөнов. 

Район боюнча быйыл 31 миң гектар аянтка дан эгиндери себилген. Быйыл мамлекеттин колдоосуна ылайык үрөөндүн сортторун жакшыртуу, мол түшүм алуу максатында жетимиш пайызын дыйкан өзү төлөп, отуз пайызын мамлекет каржылап үрөндүн жаңы сорттору таратылган. Азыркы тапта күздүк эгүү боюнча бул долбоор уланууда.