Жаңылыктар
Ошто соңку күндөрү өпкөсү кагынган бейтаптардын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто соңку күндөрү өпкөсү кагынган бейтаптардын саны өсүүдө

Ошто соңку күндөрү өпкөсү кагынган бейтаптардын саны өсүүдө. Бирок оорунун кесепетине баани бербей жүргөн жарандар арбын. Ал арада үгүт иштеринде санитардык талапты аткарбаган айрым партия өкүлдөрүнө айып пул салынды. 

Коронавирустун ден соолукка канчалык кооптуу экенин башынан өткөргөн Санат Зарипбек уулу, санитардык эрежелерди ар дайым сактап жүрүүнү адатка айлантты. Көчөдө бет кап тагынып, жанынан санитайзерди үзбөйт. Арадан 3 ай өтсө да, азырга чейин оорунун таасиринен толук арыла албай жатканын айткан тургун, жарандарды жоопкерчиликтүү болуп, өз жакындарынын өмүрүнө кайдыгер карабоого чакырат.

Суук түшкөн соңку бир аптадан бери вирус кайрадан баш көтөрдү. Ооруну өтүштүрүп өпкөсү кагынгандардын саны өскөн. Ушул тапта, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 37 бейтап дарыланууда. Мунун бешөөсүнүн абалы оор экени айтылат.