Жаңылыктар
Жалал-Абадда кыргыз-кытай биргелешкен завод түптөлүп, өз ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда кыргыз-кытай биргелешкен завод түптөлүп, өз ишин баштады

Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен завод түптөлүп, өз ишин баштады. Өндүрүш багытындагы эки тараптуу кызматташуунун натыйжасында 150дөн ашык жергиликтүү тургун жумуш орду менен камсыз болуп отурат. Темирди кайра иштетүүчү ишканада өндүрүлгөн продукция биринчи кезекте ички рынокко, андан ары коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарылат.

Эритилген темирлер үч бурчтук болуп калыпка салынып, кесилген соң курулуш материалына айланат. Бул иштердин жасоого жергиликтүү тургундардан жумушчу күчү тартылган. Алар жасаган ишине жараша айына 25 миң сомдон жогору айлык акы алышат.

Жергиликтүү бийлик кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде 114 миллион сомдук инвестиция тартылып, темирди кайра иштетүүчү завод ачылды. Ушул күндөрү эриген темирден даяр продукция чыгаруу иштери кызуу жүрүүдө. Анын баары өлкө ичинен жыйналган темирден эритилип өндүрүлөт. Долбоор боюнча 150гө чукул жергиликтүү тургундар иштеп, калган 20га жетпегенин кытай жарандары түзөт.