Ош облусунда жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма аныкталып, алар жок кылынды. Бул тууралуу облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраев билдирди.
Айтымында, жыл сайын үй жаныбарлары кутурма илдетине каршы бир ирет эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул ооруну үй жандыктарына караганда жапайы жаныбарлар көбүрөөк алып жүрүшөт. Ибраев билдиргендей, жыл башынан бери Алай районунан бир карышкырдан, бир уйдан, Кара-Суу районунда иттен, жылкыдан, мышыктан, Кара-Кулжа районунан бир уйдан кутурма оорусу аныкталган.
Кутурма болгон жаныбарлардын баары тең өрттөлүп көмүлүп, оору чыккан аймактарга 60 күн карантин киргизилген. "Жапайы жаныбарлар короодогу койлорго кол салганда койлорду текшеребиз. Оорунун белгилери аныкталса, кол салган жапайы жаныбарды мергенчилерге аттырып, башын лабораторияда текшерүүдөн өткөрөбүз. Ага чейин эле байкалган белгилери болсо өрттөп, карантин киргизип чектөө коёбуз.
Негизи кутурма оорусун жуктурган жаныбар 10 күндө өзү өлүп калат. Малчылар жайлоого чыккан учурларда этият болушу керек", — деди Ибраев. Кутурма оорусу адамга да жугат. Адистердин айтымында, ал айыкпас дарт, убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот.