Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, Мукарам Ураимова ушул жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.