Алыскы Ала-Бука районундагы оорукананын бир топ бөлүгү жаңыланып, калктын ден соолугуна сапаттуу кам көрүүгө жакшы шарт түзүлдү. Дарыгерлердин иштөөсүнө да ыңгайлуу болду. Союз убагында курулуп, эскилиги жеткен Ала-Бука аймактык ооруканасы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Айтман Авазбеков ден соолугуна байланыштуу ооруканага байма-бай каттап турат. Ал бул ирет келгенде кабыл алуу бөлүмүндө өзгөрүүлөр болгонуна күбө болду. Азыр мурдагыдай кезек күткөн адам жок, дарыгер ар бирин электрондук тизме аркылуу кабыл алууда.
Буга чейин ооруканага кайрылгандар кезектешип, эки бөлмөдө отурган дарыгерлердин кабыл алуусунда болуп келген. Бул маселени жөнгө салуу максатында казынадан 2 миллиондон ашык каражат бөлүнүп, кабыл алуу бөлүмүнө өзгөртүү киргизилген. Эми мурдагыдай ашыкча убаракерчилик жаралбайт, кезекке турбастан бейтап тез арада текшериле алат.