Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 98 пайызга аткарылды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, оорукананы капиталдык оңдоо иштери ушул жылдын июль айында башталып, 216 орунга эсептелген.
Имараттын сметалык наркы 63 млн 682 миң сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды. Азыркы тапта оорукананын электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери аяктоодо. Ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү менен саркынды сууларды чогултуучу жай жасалды. Оорукананын оңдоо иштерин жакынкы күндөрү бүтүрүү мерчемделген.