Өкмөттө мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзгөн координациялык кеңештин отуруму өтүп, анда өлкөнүн турак жай программасынын жаңыланган долбоору талкууланды. Айтылган сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу менен документ жактырылды. Эми бул документ өкмөт башчынын токтому менен бекитилет.
Мамлекеттик ипотекалык компания 5 жыл ичинде 6 млрд сом сарптап, беш миндей үй-бүлө турак жай алды. Эми ипотека алуунун шарты жарандар үчүн дагы ыңгайлуу болсун деп бир топ жеңилдиктер кирди.